KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдык мааракесине карата Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

30 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына карата, ошондой эле спортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Баткен областынын Лейлек районунда Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун  судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын сот аткаруучулар менен приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ортосунда кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Оюн талаасына жалпысынан сегиз команда чыгып, алар тайпалык баскычта үчтөн мелдеш өткөрүшүп, андан соң үчүнчү орун үчүн беттешүү жана финалдык оюн өттү.


Турнирдин жыйынтыгы менен биринчи орунду Баткен облусунун Административдик сотунун командасы ээлеп, Баткен облустук сотунун Төрагасынын Кубогу менен сыйланды. Ал эми экинчи  орунга Баткен райондук сотунун командасы ээ болсо, үчүнчү орунга Кадамжай райондук сотунун командасы ээ болду.


Ошону менен бирге байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар менен сыйланышып, турнирдин мыкты оюнчуларына жеке байгелер тапшырылды.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов 


Видео-блок

Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат
М. Сатыев ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту
Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...