KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунда жергиликтүү соттор арасында кичи-футбол турнири өткөрүлдү

10 сентября 2025

Баткен шаарында спортту өнүктүрүү жана дени сак жашоо образын жайылтуу максатында, Баткен облусунун административдик сотунун демилгеси менен жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери арасында кичи-футбол боюнча турнир уюштурулду.


Мелдешке Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын, ошондой эле облустагы райондук жана шаардык соттордун судьялары менен аппарат кызматкерлеринен түзүлгөн жалпы 8 команда катышты. Командалар алгач тайпалык баскычта беттешип, андан соң үчүнчү орун үчүн оюн жана финалдык беттеш өткөрүлдү.


Жыйынтыгында 1-орунду Лейлек райондук сотунун командасы жеңип, Баткен облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогу менен сыйланды. 2-орунду Баткен райондук сотунун командасы, ал эми 3-орунду Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын командасы ээледи.


Байгелүү орундарды ээлеген командаларга медалдар тапшырылып, мелдештин жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты чабуулчу» сыяктуу жеке сыйлыктар ыйгарылды.


Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты — сот кызматкерлердин ортосунда ынтымакты жана кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле спортту жана дени сак жашоо образын жайылтуу болуп саналат.


Видео-блок

Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...