KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча ынтымак кубогу болуп өттү

03 ноября 2025

2025-жылдын 1-ноябрында Баткен областынын Сүлүктү шаарында Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.


Мелдеш Сүлүктү шаардык соту тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Баткен областтык Сот департамент башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.


Бул иш чаранын башкы максаты спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы кызматкерлеринин арасында достук жана спорттук алаканы бекемдөө болуп саналат.


Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өз ара достук жана ынтымакта атаандашып, жалпы жамааттын бирдиктүү экенин дагы бир жолу айгинелешти. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп Сулүктү шаардык сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.


Ошону менен бирге байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар менен сыйланышып, турнирдин мыкты оюнчуларына жеке байгелер тапшырылды.


Пресс-секретарь Баткенского областного суда Манас Эргешов 


Видео-блок

Судьялык кызматка талапкерлердин резерви түзүлөт
Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...