KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

13 апреля 2026

Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.


Турнирдин ачылышында Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов катышуучуларды куттуктап, спорт адамдын ден соолугуна оң таасирин тийгизип, эмгек  жамааттагы ынтымактыкты жана  биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.


Мелдеш Баткен облустук соту тарабынан уюштурулуп, ага жалпы 8 команда катышты. Оюндар жогорку деңгээлде өтүп, командалар күч сынашууда мыкты даярдыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү.


Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:


I орун — Сүлүктү шаардык соту


II орун — Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы


III орун — Баткен облустук соту


Мындан тышкары, турнирдин жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн оюнчулар да аныкталып, аларга атайын сыйлыктар тапшырылды.


Иш-чара жандуу жана атаандаштыкка бай маанайда өтүп, катышуучулар биримдикти жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты. Күйөрмандар тарабынан активдүү колдоо көрсөтүлдү.


Иш-чаранын соңунда төрага жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай спорттук мелдештер мындан ары да улантыларын белгиледи.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...