KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда коррупцияга каршы күрөшүү жана этикалык нормаларды бекемдөө чаралары талкууланды

10 апреля 2025

Баткен областтык сотунда Азамат Алдашовдун жетекчилигинде коррупцияга каршы күрөшүү жана сот кызматкерлеринин этикалык стандарттарын бекемдөө маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдарды жана этикалык нормаларды кесиптик иш-аракеттерде сактоонун чоң маанисин талкуулашты. Ошондой эле, иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коллективде жоопкерчиликти бекемдөө боюнча пикир алмашылды.


Андан сырткары, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана мыйзамдуулук маданиятын калыптандыруу боюнча сунуштар берилип, бул иш чаралар жарандардын сотко болгон ишеничин калыптандырып, сот тутумунун аброюн жогорулатууга көмөктөшөрү айтылды.


Төрага Азамат Алдашов, “Ар бир кызматкер мыйзамды жана этикалык нормаларды сактоодо жеке жоопкерчиликке ээ болушу керек, бул биздин коллективге болгон ишеничти бекемдеп, бүтүндөй сот тутумунун коомдогу аброюн аныктайт” – деп белгиледи.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


З.С.Ормонов


Видео-блок

ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...