Баткен облустук сотунда төрага Азамат Алдашовдун жетекчилиги алдында аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрүлүп, коррупциялык аракеттердин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам талаптарын так сактоо жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруунун мааниси тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле мыйзамдуулукту бекемдөө жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, анын коомго жана үй-бүлөгө тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалымат жеткирилди. Аппарат кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү ар бир жарандын жоопкерчилиги экендиги, үй-бүлөдөгү ынтымакты, өз ара сый-урматты жана сабырдуулукту сактоо маанилүү экени белгиленди.
Жыйындын соңунда төрага коррупцияга каршы иш-аракеттердин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, мыйзамдуулукту сактоо жана коомдук баалуулуктарды бекемдөө ар бир кызматкердин милдети экенин айтты.

