KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте соттук отурумдун онлайн трансляциясы өткөрүлдү

09 марта 2026

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда биринчи жолу соттук отурумдардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыш иши боюнча онлайн трансляциялары өткөрүлдү.


Онлайн трансляция «Жогорку сот» ютуб каналында жүргүзүлдү. Соттук отурумга Жогорку соттун Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров катышты.


Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык процессуалдык кодексине «видеоконференцбайланыш» жана «соттук отурумдун онлайн-трансляциясы» түшүнүктөрүн бекиткен өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам тарабынан айыпталуучунун жана кылмыш процессинин башка катышуучуларынын отурумдардын протоколдору менен, анын ичинде аудио- жана видеожазуулар менен таанышууга, ошондой эле аларга карата сын-пикирлерин берүүгө укугу белгиленген.


Киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту сактоо жана сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот жыйынын түз эфирде телекөрсөтүү, радио же интернет тармагында трансляциялоого уруксат берүүгө укуктуу.


ЖПКнын 46-беренесине 18-пункт кошулуп, анда сот өндүрүшүнүн катышуучуларына сот отурумун түз эфирде телекөрсөтүү, радио жана (же) интернет тармагында онлайн-трансляциялоо аркылуу өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирүүгө укук берилген. Ошондой эле 280-берененин 3-бөлүгү 5-пункт менен толукталып, сот отурумдарын жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет тармагында онлайн форматта көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк каралган.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 290-1-беренесине ылайык, сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен сот жыйынын түз эфирде телекөрсөтүү, радио жана (же) интернет тармагында онлайн-трансляциялоого уруксат бере алат. Сот отурумун трансляциялоонун (онлайн-трансляциялоонун) мүмкүнчүлүгү сот тарабынан сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту жана сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын коопсуздугун эске алуу менен аныкталат.

Мындай чаралар сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатууга, коомчулуктун сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө, ошондой эле калктын укуктук маданиятын көтөрүүгө багытталган. Алар сот процесстерин алыстан байкоого мүмкүнчүлүк түзүп, процесстин катышуучуларын тартипке чакырат, ошондой эле сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга өбөлгө түзөт.


 


Сот отурумуна шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=qZSXgvGyNfw


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...