KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте юридикалык форум болуп өттү

16 мая 2025

2025-жылдын 15-майында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында конституционализм: учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары» аттуу юридикалык форум болуп өттү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты.


Ошондой эле иш чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору  Алмазбек Акматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана башка расмий өкүлдөр  катышты.


Форумдун максаты — конституционализмди өнүктүрүү, укуктук билим берүү жана агартуу маселелерин талкуулай турган аянтча түзүү.


Үч тематикалык сессиянын алкагында конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу, ага негизделген укуктук жана билим берүү маселелери кеңири талкууланды.


Уюштуруучулар форумдун жыйынтыгында мындай форматтагы жолугушууларды мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...