Жалал-Абад облустук соту тарабынан Сот адилеттик үйүндө студенттер үчүн «Ачык эшик күнү» өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштардын сот тутуму тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана сот ишмердиги боюнча практикалык түшүнүк берүү.
Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын, атап айтканда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад гуманитардык-педагогикалык колледжинин, Азия элдеринин достук университетинин, Заманбап эл аралык университетинин жана Борбор Азиядагы Эл аралык медициналык университетинин студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Нургазы Ысманов студенттер үчүн тааныштыруу экскурсиясын өткөрүп, Сот адилеттик үйүнүн ишмердиги, сот залдары жана анда колдонулган аудио-видео жазуу системалары, ошондой эле сот иштеринин кабыл алынгандан кийинки процессуалдык тартиби тууралуу кеңири маалымат берди.
Мындан тышкары, жыйындар залында өткөрүлгөн жолугушууда Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, судьялар Бекболот Сейталиев жана Нургазы Ысманов, ошондой эле Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Улук Токтосунов студенттерге сот тутуму тууралуу презентация аркылуу жалпы түшүнүк, судьялардын ыйгарым укуктары, ишмердигинин негизги принциптери, судьялардын статусу, сот аппаратынын кызматкерлеринин милдеттери тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле катышуучуларга биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сот өндүрүшү, кылмыш-жаза, жарандык, экономикалык жана административдик иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү, сот отурумунун жүрүшү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Иш-чаранын соңунда төрайым Жыпар Сабырова студенттерди сапаттуу билим алууга, мыйзамдуулукту бекем сактоого жана келечекте өлкөнүн укуктук өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

