KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Манас шаардык Сот адилеттик үйүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча Конгресстин координатору менен жолугушуу өттү

14 апреля 2026

Манас шаардык Сот адилеттик үйүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча Конгресстин координатору Турсунбек Акун менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова жана Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышев катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо маселелеринин актуалдуу багыттары талкууланды. Өзгөчө көңүл сот процесстеринин ачыктыгын камсыз кылууга, сот жыйындарын онлайн-трансляциялоо тажрыйбасын киргизүүгө, ошондой эле сот ишмердүүлүгүнө коомдук мониторинг жүргүзүүгө бурулду.


Мындан тышкары, тараптар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн айрым аспектилерин, анын ичинде тергөө иштеринин жүрүшү, кыйноолордун жана башка мыйзамсыз мамиленин алдын алуу маселелерин, ошондой эле кылмыштуулуктун категориялары жана аларды азайтууга багытталган чараларды талкуулашты.


Жолугушуунун катышуучулары мындан аркы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашып, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...