KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттик үйүндө окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өттү

25 апреля 2025

Бүгүн 25-апрель күнү Жалал-Абад Сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Жалал-Абад облустук соту, Жалал-Абал областтык ички иштер башкармалыгы, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад билим берүү бөлүмү менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын аймагында 2025-жылдын 21-апрелинен 28-апрелине карата балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштарды мекенчиликке үндөө жана жана ведомстволор аралык өз ара кызматташуу иш чараларын күчөтүү максатында ачык эшиктер күнү өткөрдү.


Иш чарага Жалал-Абад шаарындагы мектептердин 7-9-классынын окуучулары жана аталган иш ведомстволордун өкүлдөрү катышты.


Судьялар Сот адилеттик үйү туурасында маалымат берип, Ошондой эле окуучулар менен маек куруп, насааттарын айтып, алардын кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди.


Окуучуларга экскурсия өткөрүлүп, Сот адилеттик үйү менен таанышышты, сот жыйналышынын залдарында орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки процесстик тартиби, ошондой эле биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанциялык соттор туурасында кенен маалымат алышты.


Мындан тышкары окучулар кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.


Иш чаранын соңуда төрайымы Жыпар Сабырова окуучуларга ата-энелеринин үмүтүн актап жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...