KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттик үйүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Мелис Мураталиев менен жолугушуу болуп өттү

19 февраля 2026

Манас шаардык Сот адилеттик үйүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун соттору жана аппарат кызматкерлери катышты.


Иш чараны төрайым Жыпар Сабырова ачып, Кыргыз Республикасынын сот тутуму үчүн «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча 2025-2028-жылдарга карата бекитилген иш пландын алкагында, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны сот практикасында кеңири колдонуу максатында иш-чараны өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев чакырылгандыгын белгиледи.


Андан кийин сөз Мелис Мураталиевге берилип, ал өз сөзүндө уңгужолдун маңызы, таалим-тарбия, илим, билим, маданият, мамлекеттик тил, нарк-насил, адеп-ахлак, ички маданият, руханий тазалык жана коомдогу жалпы моралдык баалуулуктардын ролу тууралуу кеңири баяндама жасады.


Иш чаранын соңунда Жыпар Сабырова Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасын атайын убактысын бөлүп, Сот адилеттик үйүнө келип, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун маңызы жана анын коомдун өнүгүшүндөгү орду тууралуу терең жана баалуу маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...
УТРК ЧҮЙ: СОТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ
Биринчи жолу. Жогорку сот 10дон ашык алдыңкы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу кел...
УТРК Жалал-Абад: Сот отурумдары онлайн форматта өтөт
Сот адилеттигинин Жогорку мектебине жаңы директор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...