KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунда жер маселелери боюнча тегерек стол өттү

23 января 2026

Манас шаарынын Сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад облустук жана Манас шаардык сотторунун демилгеси менен административдик-аймактык реформанын алкагында жарандардын жер тилкелерине болгон укуктарын тариздөөдө жаралып жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган тегерек стол өткөрүлдү.


Иш-чарага облустук, шаардык жана райондук соттордун судьялары, Манас шаардык мэриясынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Жер ресурстары, кадастр жана архив кызматкерлери катышты.


Талкуунун жүрүшүндө судьялар жана катышуучулар жер участокторуна байланыштуу маселелердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана талапка ылайык аткарылбаган милдеттерден улам келип чыгып жатканын белгилешти. Айрыкча мурда кабыл алынган токтомдордо кетирилген кемчиликтерди жоюу, документтерди тактоо жана жарандардын кайрылууларын сотко жеткирбей чечүү маселелерине жетиштүү көңүл бурулбай жатканы айтылды.


Тегерек столдун негизги максаты — карапайым жарандардын жерге байланышкан көйгөйлөрүн жеңилдетүү, сотко чейинки тартипти сактоону камсыз кылуу жана Манас шаардык мэриясынын кызматкерлерин мыйзамда каралган милдеттерин так, өз убагында жана жоопкерчиликтүү аткарууга чакыруу болду.


Иш-чаранын жыйынтыгында жер маселелерин чечүүдө мыйзам талаптарын сактоо, жарандардын укуктарын коргоону биринчи орунга коюу жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы баса белгиленди.


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...