Бүгүн, 2025-жылдын 4-октябрында, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын кичи- футбол боюнча кубогу өтүп жатат. Спорттук иш-чара Ош облусунун соттору тарабынан уюштурулууда.
Мелдештин ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев катышып, катышуучуларды жана күйөрмандарды куттуктады. Ошондой эле турнирге Жогорку Соттун Төрагасынын орун басарлары Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, Жогорку Соттун судьялары Кумушбек Жоомартов, Бакыт Усубалиев жана Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышууда.
Мындан тышкары Ошондой эле турнирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэль Рысалиев, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов жана Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев катышууда.
Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев бүгүнкү турнирдин максаты күч сынашуу эмес, тескерисинче ден соолукту чыңдоо, судьялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө экендигин айтты.
«Кыргыз Республикасынын сот системасынын, анын ичинде судьялардын арасында өткөрүлүп жаткан кичи- футбол боюнча турнир бул жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул достуктун, ынтымактын жана жамааттык биримдиктин чоң майрамы!
Футбол – бул командалык оюн. Анын ар бир кыймылы, ар бир пас жана ар бир гол бизге бирдиктүү аракеттин күчүн эске салат. Дал ошол аракеттер сот органдарынын ишмердүүлүгүндө да негизги принциптердин бири болуп эсептелет. Сот системасынын туруктуу иштеши ар бир судьянын, сот кызматкеринин, аппаратынын жана башка тийиштүү кызматтардын мыйзам чегиндеги жоопкерчиликтүү аракетинин жыйынтыгында гана камсыздалат.
Бүгүнкү турнирдин максаты күч сынашуу эмес, тескерисинче ден соолукту чыңдоо, судьялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана албетте, көңүл көтөрүү. Бул иш-чара кесиптештер менен болгон байланышты арттырып, жаңы достуктарды жаратып, сот тутумун бир үй-бүлө катары дагы бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем», – деп белгиледи Төрага.
Спорттук мелдеш Ош шаарындагы А. Момунов атындагы футбол академиясынын аянтчасында өткөрүлүп, жалпысынан мелдешке Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда катышып, эки тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Мелдештин жүрүшүндө салттуу достук кичи-футбол боюнча «Мурас» турнирине мыкты оюнчулар тандалып алынат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ар кыл облустарында Жогорку Соттун Төрагасынын кубогу үчүн кичи- футбол боюнча турнир жыл сайын өткөрүлөт.