KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда кызматкерлердин коррупцияга каршы билимин жогорулатуу максатында иш-чара уюштурулду

06 марта 2025

Ысык-Көл облустук сотунда коррупцияга каршы иш-чара уюштурулду. Жыйын Ысык-Көл облустук сотунун nөрагасы Нурлан Чериковдун демилгеси менен өткөрүлүп, сот аппаратынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы маалымдуулугун жогорулатууга багытталды. Иш-чарага облустук соттун судьялары, Ысык-Көл облусунун сотторунун төрагалары жана бөлүм башчылары катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө сот аппаратынын кызматкерлерине коррупциянын алдын алуу жана коррупцияга каршы иш-чараларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сотто коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилип, кызыкчылыктар кагылышкан учурда жүрүш-туруш эрежелери жана коррупциялык укук бузууларды алдын алуу боюнча кызматкерлердин милдеттери түшүндүрүлдү.


Иш-чаранын алкагында сот кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 83-буйругу менен 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү  боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планы тууралуу маалымат берилди.


Жыйындын соңунда Нурлан Чериков сот кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы жана мамлекеттик кызматчылардын Этика кодексинде белгиленген талаптарды аткаруунун маанилүүлүгүн эскертти. Мындан тышкары, ал «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү 2024-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бекем сактоо зарылдыгын белгиледи.


 


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                   А.А.Абдымаликова


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...