KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кадамжай райондук сотунда аксакалдар сотторунун төрагалары менен жыйын өткөрүлдү

03 апреля 2026

Жыйынга Кадамжай райондук сотунун төрагасы Автандил Матказиев жана аймактагы аксакалдар сотторунун төрагалары катышышты.


Жолугушуунун негизги максаты — аксакалдар сотторунун ишин өркүндөтүү, алардын ишмердүүлүгүнө методикалык жардам көрсөтүү жана практикалык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.


Жыйында аксакалдар сотторунун кароосуна түшкөн үй-бүлөлүк, жер талаш жана башка жарандык мүнөздөгү талаш-тартыштарды мыйзам чегинде кароо, алардын алдын алуу жана тынчтык жолу менен чечүү маселелери кеңири талкууланды.


Ошондой эле аксакалдар сотторунун төрагалары өздөрүнүн иш тажрыйбалары, учурдагы көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору боюнча ой-пикирлерин билдиришти. Сот өкүлдөрү тарабынан мыйзамдардын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишмердүүлүктү мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.


Катышуучулар мындай жолугушуулар аксакалдар сотторунун ишин чыңдоого жана жер-жерлерде келип чыккан талаш-тартыштарды ыкчам, адилеттүү чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.


Жыйын соңунда тараптар өз ара кызматташууну улантуу жана аксакалдар сотторуна практикалык, усулдук жардам көрсөтүү боюнча макулдашышты.


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...