KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кочкор райондук сотунда банктар жана финансылык мекемелер менен жумушчу жыйын өткөрүлдү

22 мая 2026

Аталган жыйынга “Элдик Банк” ААКнын, “Айыл Банк” ААКнын, “Компаньон Банк” ЖАКнын, “ФИНКА Банк” ЖАКнын, МФК “Салым Финанс” ЖАКнын, “Аманат Кредит” ЖЧКсынын, МКК “М Булак” жана МФК “Байлык Финанс” мекемелеринин Кочкор филиалдарынын өкүлдөрү катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө банктар жана финансылык мекемелер тарабынан сотко берилүүчү доо арыздардагы кемчиликтерди жоюу, документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө, ошондой эле соттук териштирүүнүн катышуучуларына АИС сот системасы аркылуу SMS-билдирүүлөр менен кабарлоо тартиби талкууланды.


Жыйынга төрагалык кылган Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев доо арыздарга тиркелген келишимдер мамлекеттик тилде же эки тилде берилүүсү Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык келерин белгиледи.


Анын айтымында, мындай тартип жарандардын келишимдерди толук түшүнүүсүнө шарт түзүп, сот иштеринин ыкчам жана натыйжалуу каралышына көмөк көрсөтөт.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө соттук отурумдар боюнча билдирүүлөрдү АИС сот системасы аркылуу SMS түрүндө жөнөтүү пилоттук режимде ишке киргизилгени маалымдалды. Катышуучуларга жарандардын телефон номерлерин жана электрондук почта даректерин так көрсөтүү зарылдыгы түшүндүрүлдү.


Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.


Видео-блок

Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...