Бүгүн, 2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүүгө, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо маселелерине арналган маалымат жыйын өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгул Чаргынова жана Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Айгуль Уметова катышышты.
Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова маалымат жыйындын катышуучуларына Судьялар кеңешинин, ошондой эле анын Бюджеттик жана Эксперттик-окуу комиссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгул Чаргынова Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү, материалдарды кароо тартиби жана анын ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Айгуль Уметова Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясынын ишмердүүлүгү жана анын негизги милдеттери тууралуу маалымат берди. Ал кесиптик баалоо «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүргүзүлөрүн белгиледи.
Анын айтымында, кесиптик баалоонун негизги максаттары соттордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын өркүндөтүү жана коомчулуктун сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат. Баалоону жүргүзүүдө судьялардын ишинин сапаттык көрсөткүчтөрү, процесстик мөөнөттөрдү сактоосу, каралган иштердин көлөмү жана тиешелүү Жободо каралган башка критерийлер эске алынат.
Ошондой эле кесиптик баалоонун жыйынтыктары маанилүү практикалык мааниге ээ экени жана сот тутумунда кадрдык чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде судьяларды ротациялоодо, соттордун төрагаларынын жана төрагалардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоодо, ошондой эле квалификациялык класстарды ыйгарууда эске алынары белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүүнүн максаттарын жана артыкчылыктарын кеңири түшүндүрүп берди. Жаңы механизм конкурстун жол-жоболорунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга, биринчи инстанциядагы соттордун бош судьялык кызмат орундарын өз убагында толтурууга, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууга багытталган.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде түзүлгөн жаңы институттун максаттары, конкурстук тандоону өткөрүү тартиби, талапкерлерди резервге киргизүү механизми жана анын сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролу тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын катышуучулары талапкерлердин резерв институтун киргизүү сот тутумунун сапаттуу кадрдык потенциалын калыптандырууга, бош судьялык кызмат орундарын ыкчам толтурууга жана талапкерлерди тандоонун ачык-айкындуулугу менен объективдүүлүгүн камсыз кылуучу кошумча кепилдиктерди түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

