KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстанда калк менен кеңири жолугушуулар башталды

12 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып өлкө аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жарандар менен ачык жолугушуулары башталды.


Бул жолугушууларга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары (акимдер), шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары катышууда.


Жогорку соттун жетекчилигинин тапшырмасы менен эл менен болгон жолугушууларга облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары дагы катышууда. Белгилей кетүүчү жагдай, облустук жана шаардык соттордун төрагалары калк менен түзүлгөн жолугушууларга жигердүү катышып жатышат.


Мындай жолугушуулар өлкөнүн бардык облустарында бекитилген графикке ылайык өткөрүлүүдө.


Калкты кеңири камтуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, жолугушуулар УТРК жана ЭлТР улуттук телеканалдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...