KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү сатуу боюнча электрондук аукцион системасы ишке киргизилди

16 мая 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 16-майында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү сатуу боюнча жаңы электрондук аукцион системасынын презентациясы болуп өттү. Бул система Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет Сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан ишке ашырылган.


Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга карата Сот тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик максаттуу программасынын 3.14-пунктуна ылайык, Сот  департаментине караштуу «Адилет Сот» мекемеси тарабынан portal.sot.kg расмий сайтына  «Камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү онлайн сатыкка коюу» электрондук системасы иштелип чыгып  киргизилген.


Аталган Жарлыктын алкагында, аукциондук соодаларды толук автоматташтырылган форматта өткөрүүнү камсыздаган санариптик платформаны практикалык колдонууга киргизүү иштери башталган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 50 буйругу менен бул «Электрондук соода аянтчасын» өлкө боюнча этап-этабы менен  киргизүү тартиби бекитилген. Бүгүн  бул системанын биринчи баскычы расмий түрдө башталып жатат.


Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Жогорку соттун судьясы жана санариптештирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, «Адилет Сот»  маалыматтык технологиялар мекемесинин  директору Бек Иманалиев, ошондой эле сот системасынын башка өкүлдөрү катышышты.


Өз  сөзүндө Жогорку соттун төрагасы  бүгүнкү күн  сот актыларын аткаруу тармагында заманбап санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жыйынтыгы болуп жаткандыгын айтты.


“ Электрондук соода аянтчасы — бул жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү ачык-айкын, ыкчам жана адилеттүү сатууну камсыздаган механизм. Соодаларды санарип форматка өткөрүү кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү толугу менен жокко чыгарып, адам факторун азайтууга, коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартууга жана процессти тездетүүгө өбөлгө түзөт.


Система колдонуучуларга өз алдынча каттоодон өтүүгө, лоттор боюнча бардык зарыл маалыматтарга (сүрөттөмө, укуктук макамы, баштапкы баасы, соодалардын тарыхы ж.б.) эркин жетүүгө жана реалдуу убакыт режиминде арыз берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сооданын бардык этаптары автоматтык түрдө катталып,  бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттардын негизинде жеңүүчү аныкталат.


Белгилей кетүүчү жагдай,  система Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Сот аткаруучуларынын макамы жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан”, — деп билдирди Медербек Сатыев.


Алгачкы этапта платформанын пилоттук түрдө ишке киргизилиши Бишкек шаарынын райондук Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, анда системанын негизги модулдары ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, анын техникалык жана процедуралык колдонуу жагынан маселелери иштелип чыкты.


Долбоор  бардык техникалык талаптарга жана процедуралык регламенттерге ылайык ишке ашырылууда. Азыркы учурда платформаны кеңейтүү жана өндүрүштүк пайдаланууга колдонууга өткөрүү иштери уланууда. Тагыраак айтканда,  платформа реалдуу шарттарда сыноодон өткөрүлүп, келип түшкөн пикирлер жана сунуштардын негизинде аны  жакшыртуу иштери улантылат.


Белгилей кетүүчү жагдай — система арыз тапшыруудан тартып сооданын жыйынтыгын чыгарууга чейин толугу менен автоматташтырылган. Аукциондун уюштуруучусу болуп сот аткаруучу саналат, ал электрондук соода аянтчасына автоматташтырылган «Аткаруу өндүрүшү» маалыматтык системасы аркылуу лот боюнча маалыматты жана бардык керектүү документтерди тиркеп жайгаштырат.


Аукцион боюнча жарыялар соода башталганга чейин кеминде 20 күн мурун расмий платформаларга жарыяланат.


Электрондук платформанын киргизилиши коррупциялык тобокелчиликтерди кыйла кыскартып, жарандардын жана уюмдардын аукционго катышуусун жеңилдетип, аткаруу өндүрүшү институтуна болгон ишенимди арттырат деп күтүлүүдө.


Бул платформанын ишке кириши мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот системасын санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан максаттуу иш-аракеттердин, ошондой эле ведомстволор аралык натыйжалуу кызматташтыктын жыйынтыгы болду.



Видео-блок

Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...