KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстанда мамлекеттик алымды онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилди

23 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары  Нургуль Бакированын катышуусунда «Мамлекеттик алымды онлайн төлөө» системасынын пилоттук режимде ишке кириши боюнча презентация болуп өттү.


Иш-чараны Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова башында турган жумушчу топтун өкүлдөрү өткөрүштү.  Ага судьялар,  Жогорку соттун Аппаратынын  маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алис Ибраимов, “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев,  ошондой эле  жергиликтүү соттордун канцелярия башчылары  видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


Сот системасы тарабынан ишке киргизилген жаңы санариптик сервис жарандарга мамлекеттик бажы төлөмүн үйдөн же кеңседен чыкпай эле, сотко же банкка жеке барбастан, өзүнө ыңгайлуу убакта мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.


Сервис Жогорку соттун алдындагы Суд департаментинин «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси тарабынан иштелип чыгып, Финансы министрлиги, мамлекеттик жана жеке банктар менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат.


Азыркы учурда система «Элдик» мобилдик тиркемеси менен иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ага «МБанк», «Бакай Банк» жана башка банктар да кошулат.


Мындан тышкары, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Жогорку соттун sot.kg расмий сайтына мамлекеттик алымды эсептөөчү онлайн-калькулятор жайгаштырылган. Анын жардамы менен арыздын түрүнө жараша төлөнө турган алымдын көлөмүн алдын ала эсептеп алууга болот.


Эскерте кетсек, мамлекеттик алым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.



 


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...