KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

"Манас” угуу декадасынын алкагында Лейлек райондук сотунда иш-чара өттү

03 декабря 2025

Лейлек райондук соту «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун жана «Манас угуу декадасынын» алкагында Маданият сарайында кеңири мазмундагы маданий-агартуучу иш-чара уюштурду. Иш-чарага соттун судьялары, аппарат кызматкерлери, тарыхчылар жана манасчылар катышты.


Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды сактоо, ошондой эле өскүлөп келе жаткан муунга патриоттук тарбия берүү болду.


Жыйында катышуучулар «Манас» эпосун угуу декадасына активдүү катышып, эпостон ар түрдүү үзүндүлөр айтылды. Манасчылар жана тарыхчылар эпостун тарыхый, маданий жана тарбиялык мааниси боюнча терең түшүндүрмөлөрдү беришип, анын улутуң аң-сезимин калыптандыруудагы ролуна токтолушту. Аппарат кызматкерлери тарабынан эпос тууралуу суроолор берилип, кызыктуу пикир алмашуу болду.


Иш-чаранын соңунда Лейлек райондук сотунун төрагасы Аскат Советбек уулу бул демилге сот кызматкерлеринин руханий дүйнөсүн байытып, улуттук аң-сезимди чыңдоого чоң салым кошорун белгиледи. Ал «Манас угуу декадасынын» маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салып, уюштурууга жана катышууга салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...