2026-жылдын 12-мартында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда алгач ирет сот отуруму түз эфирде көрсөтүлдү. Онлайн-трансляция судья Мээрим Жолдошева төрагалык кылган жарандык иштердин бирин кароо учурунда жүргүзүлдү.
Түз эфир «Жогорку сот» YouTube каналында көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында сот тутумун санариптик трансформациялоонун кеңири программасы ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Сот жыйындарын онлайн-трансляциялоо улуттук мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасы гана болбостон, сот тутумун санариптештирүү процессинин да маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул жаңычылдыктардын негизги максаты — заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана коррупциялык тобокелдиктерге туруктуу сот адилеттиги системасын калыптандыруу болуп эсептелет.
Ошону менен бирге ишти кароонун ар бир этабы — материалдарды каттоодон тартып акыркы соттук акт кабыл алынганга чейинки процесс — сот өндүрүшүнүн катышуучулары үчүн да, жалпы коомчулук үчүн да мүмкүн болушунча ачык-айкын, түшүнүктүү жана көзөмөлгө алынуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Сот отурумунун видеосуна шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=bIrdypqhJvA

