KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Sputnik эл аралык маалымат агенттигинде cот системасындагы санариптик өзгөрүүлөр жана ачык-айкындуулук тууралуу талкуу болду

06 октября 2025

Кыргыз Республикасынын сот системасын санариптештирүү багытында жүрүп жаткан иштер, жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана сот адилеттигинин ачыктыгын камсыз кылуу маселелери боюнча Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин “Ачык кеп”  программасында талкуу болду.


Программага Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов жана Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева катышышты.


Талкуу учурунда сот системасын санариптештирүү процесси негизинен үч багытта жүрүп жатканы белгиленди. Алар:



  • сот өндүрүшүнө катышуучулар үчүн СМС билдирүүлөрдү ишке киргизүү;

  • мамлекеттик алымды онлайн төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу — бул жараянды тез, ыңгайлуу жана ачык-айкын кылуу максатында ишке ашырылган;

  • соттордун ишмердигин тышкы баалоо — ачыктык жана коомдук ишенимди арттыруунун маанилүү инструменти катары каралууда.


Катышуучулар сот системасындагы санариптик реформалар жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жеңилдетип, ишеним деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле соттордун ишинин сапатын баалоонун жаңы ыкмалары жана маалыматтык системалар аркылуу жарандар менен түз байланыш механизмдери тууралуу да кеңири пикир алмашуу болду.


Шилтеме:


https://sputnik.kg/20251003/1096927317.html


Видео-блок

М.Сатыев Индияда өткөн дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясына катышты
1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...