KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарында сот приставдарынын физикалык жана практикалык даярдыгы бааланды

15 апреля 2026







Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Нарын облусунун Сот приставдар кызматынын сот приставдары үчүн атайын күжүрмөн ыкмаларды жана атайын каражаттарды колдонуу боюнча практикалык окуу-мелдеш иш-чарасын уюштурду.


Иш-чаранын негизги максаты сот приставдарынын кызматтык даярдыгын жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана туура аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуудагы ролун күчөтүү болду.


Мелдештин жүрүшүндө сот приставдары өздөрүнүн физикалык жана практикалык даярдыгын көрсөтүштү. Программага 100 метр жана 1 чакырым аралыкка чуркоо, турникке тартылуу, жерден түртүлүү, ошондой эле жаш курактык категорияларга жана белгиленген нормативдерге ылайык чыдамкайлыкка багытталган атайын көнүгүүлөр кирди.


Мындан тышкары, катышуучуларга атайын каражаттарды туура жана коопсуз колдонуу боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.


Мындай иш-чараларды өткөрүү сот приставдарынын кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусун камсыз кылууга, алардын физикалык жана психологиялык даярдыгын жогорулатууга, тартипти чыңдоого жана чыдамкайлыгын арттырууга багытталган.




Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...