Нарын шаардык сотунда өткөн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чарага Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Зинат Исакбаева катышты. Ал кыргыз маданиятынын туу чокусу болуп саналган “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы орду, мааниси жана манасчылар тууралуу баяндама жасап, өз сөзүндө “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы туурасында кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар манасчылык өнөр, кыргыздын улуттук баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алышып, өздөрү кызыккан суроолорду узатышты.
Мындан тышкары, Нарын шаардык сотунун сот жыйналышынын катчысы Адина Аскарбек кызы “Манас” эпосу жөнүндө баяндама кылды. Баяндамада эпостогу негизги фактылар келтирилип, угуучулардын кызыгуусун жаратпай койгон жок.
Эске салсак, сот тутумунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча Жогорку сот тарабынан бекитилген иш-чаралардын планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жергиликтүү соттордо“Манас” угуу декадасын өткөрүү мерчемделген.

