KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунда "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган иш чара өткөрүлдү

06 апреля 2026

Иш чаранын алкагында аталган сотто Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган Нарын шаардык китепканасынын жамааты көчмө китеп көргөзмөсү менен болду.


Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Гулбара Кудабаева иш чаранын ачылышында «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун максаты, мааниси тууралуу баяндап өттү.


Ошондой эле Борборлоштурулган Нарын шаардык китепканасынын директору Нурзат Эсенканова китеп окуу маданиятынын калыптанышы китеп окуудан баштала тургандыгына токтолуп, катышуучуларды китеп окууга чакырды.


Ал эми китепкананын кызматкерлери «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган «Инсанды элдик нукура маданиятка тарбиялайлы» аталышындагы китеп көргөзмөсү жана кыргыз элине белгилүү акын-жазуучулар Бексултан Жакиевдин, Турар Кожомбердиевдин, Төлөгөн Касымбековдун, Салижан Жигитовдун китеп көргөзмөлөрү менен тааныштырышты.


Соңунда китеп кызматкерлери китеп алып окуу үчүн сот кызматкерлерине формуляр толтурууга жана кызыкчылыктарына жараша китеп тандоого жардам беришти.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...