KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Октябрь райондук сотунда сот отуруму онлайн-трансляция аркылуу көрсөтүлдү

13 марта 2026

2026-жылдын 13-мартында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрлан Суеркуловдун төрагалыгы алдында сот актысын аткарбоого байланыштуу кылмыш иштеринин бири боюнча сот отуруму түз алып көрсөтүлдү.


Онлайн-трансляция «Жогорку сот» YouTube каналында жүргүзүлдү.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 290-1-беренесине ылайык, сот ишке катышкан тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен сот отурумун телекөрсөтүү, радио жана (же) Интернет тармагы аркылуу түз эфирде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.


Сот отурумун трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берүү тууралуу чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан кабыл алынат.


Белгилей кетсек, мындай чаралар калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Алар жарандарга сот ишинин реалдуу практикасын алыстан байкоого мүмкүнчүлүк берип, сот процессинин катышуучуларын тартипке чакырат, ошондой эле бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.


https://www.youtube.com/live/6izWayvya48


Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...