KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда медиацияны өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү

13 мая 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 13-майында, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор ассоциациясынын президенти,  белгилүү юрист жана Түркиядагы алгачкы медиаторлордун бири Якуп Эрикель менен жолугушту.


Алгач, жолугушуу Ош облусунун админстрациясында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышовдун жана Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиевдин катышуусунда өттү.


Жолугушууда медиация тармагында тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты чыңдоо, медиация институтун өнүктүрүү жана Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор ассоциациясын түзүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды.


Андан соң Ош облустук сотунда Якуп Эрикелдин катышуусунда кыргыз коомчулугунда милдеттүү медиация институтун өнүктүрүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кеңири форматтагы иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага Ош облустук сотунун судьялары, сот аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Ош облусундагы медиация кызматынын өкүлдөрү катышышты.


Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов өз сөзүндө  бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыгын белгиледи.  Анын айтымында, коом өнүккөн сайын адамдар ортосундагы укуктук, үй-бүлөлүк, эмгектик жана башка мамилелерден келип чыккан талаштар көбөйүүдө. Мындай шартта соттук териштирүү менен катар талаштарды жеңил жолдор аркылуу чечүү механизмдери кеңири колдонулуп келет. Ошол механизмдердин эң натыйжалууларынын бири медиация институту экендигин кошумчалады.


Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, медиация институтунун ролун бекемдөө жана эл аралык тажырыйбаларды өздөштүрүү боюнча пикир алышуу менен сот адилеттигин өнүктүрүү жана жарандардын укуктарын коргоонун заманбап механизмдерин өркүндөтүү максатында уюштурулгандыгын иш-чаранын катышуучуларына белгилеп өттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн медиаторлор ассосиациясынын президенти Якуп Эрикель Түркия Республикасында милдеттүү медиацияны ишке ашыруунун механизмдери, анын мыйзамдык негиздери жана практикалык колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берди. Өзгөчө эмгек, үй-бүлө жана жарандык-укуктук талаштарды сотко жеткирбестен чечүүдө медиациянын натыйжалуулугу белгиленип, бул система соттордун жүгүн азайтууга жана жарандардын убактысын үнөмдөөгө чоң салым кошуп жатканы айтылды.


Якуп Эрикель өз сөзүндө медиация — бул жөн гана талаштарды чечүүнүн куралы эмес, коомдогу ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоочу маанилүү институт экенин белгиледи. Ал Түркия өлкөсүндө медиация системасынын өнүгүшү менен соттук териштирүүлөрдүн саны азайып, жарандардын укуктарын коргоо механизми дагы да натыйжалуу боло баштаганын айтты.


Бул багытта медиаторлорду даярдоо, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык стандарттарды колдонуу боюнча Түркиянын тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле ал медиация борборлорунун ишмердүүлүгү жарандардын сотко чейинки жарашуу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын белгиледи.


Өз кезегинде Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиев Ош облусунда медиация институтунун жайылтылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө акыркы жылдары жарандардын медиацияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын, бирок калк арасында маалыматтын жетишсиздиги, медиаторлордун санынын аздыгы жана айрым мыйзамдык механизмдерди өркүндөтүү зарылдыгы сыяктуу көйгөйлөр дагы деле бар экенин белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар милдеттүү медиацияны Кыргыз Республикасынын сот системасына киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, анын артыкчылыктары жана келечеги тууралуу пикир алышышты. Ошондой эле эки өлкөнүн өкүлдөрү медиация жаатындагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен окутуу программаларын уюштуруу маселелерин талкуулашты.


Бул иш-чара Кыргыз Республикасында медиация институтун өнүктүрүүдө, сот адилеттигин гумандаштыруу багытында жана талаштарды тынчтык жолу менен чечүү маданиятын калыптандырууда маанилүү кадамдардын бири болуп калды.


 


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...