KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Коррупцияга каршы аракеттенүү: Панфилов райондук сотунда маанилүү жолугушуу өттү

03 апреля 2026

Панфилов райондук сотунда мыйзамдуулукту чыңдоо жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында укук коргоо органдары менен ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.




Жыйынды Панфилов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Саргалдакова өткөрүп, ага Панфилов РИИБдин башчысынын орун басары Эркин Андашев жана тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.




Кеңешменин жүрүшүндө негизги басым төмөнкү маселелерге жасалды: мыйзамдын үстөмдүгү: Сотко чейинки өндүрүш учурунда мыйзам талаптарын так сактоо — коррупцияны жоюунун негизги жолу.


Сапаттуу тергөө: Иш материалдарын кынтыксыз даярдоо жана процесстен тышкаркы байланыштарга жол бербөө.


Кызматтык этика: Ар бир кызматкердин адеп-ахлактык бейнеси жана жеке жоопкерчилиги.




«Коррупцияга каршы күрөшүү — бул сот жана укук коргоо тутумунун ачык-айкындыгы жана тыгыз кызматташтыгы», — деп белгиледи Г. Саргалдакова.




Жыйындын соңунда катышуучулар коррупцияга каршы мыйзамдарды иш жүзүндө колдонуу боюнча пикир алмашып, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...