Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунда «Сот 3.0» Автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АМС) кылмыш-жаза блогу боюнча пилоттук негизде ишке киргизүүнүн алкагында судьялар жана сот аппараттарынын кызматкерлери үчүн окутуу цикли башталды.
Окутуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө санариптик технологияларды натыйжалуу киргизүү максатында уюштурулууда. Борбор калаанын райондук сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери жаңы системанын функционалын өздөштүрүп жатышат. Аталган система кылмыш иштерин каттоону, электрондук иш кагаздарын жүргүзүүнү, процесстик документтерди түзүүнү жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү автоматташтырууга мүмкүндүк берет.
«Сот 3.0» аталган системасы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууга, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү минималдаштырууга, иштерди кароо мөөнөттөрүн кыскартууга жана соттук статистиканын сапатын жакшыртууга багытталган.
Пилоттук долбоор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта катышуучулар системада иштөөнүн негизги көндүмдөрүн өздөштүрүшөт. Бишкек шаарындагы райондук соттордо тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын башка сотторуна жайылтуу тууралуу чечим кабыл алынат.
«Сот 3.0» АМСинин кылмыш-жаза блогун ишке киргизүү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн алкагындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Окутууну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругуна ылайык түзүлгөн сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча координациялык жумушчу топтун мүчөсү болгон судьялар жана «Укук» мамлекеттик мекемесинин аналитиктери өткөрүүдө.

