KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облусунун райондук сотторунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешмелер өттү

13 апреля 2026

Панфилов жана Аламүдүн райондук сотторунда сот жетекчилигинин жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуулар өттү. Иш-чаралардын негизги темасы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу болду.


Панфилов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Саргалдакованын төрагалыгы алдында өткөн кеңешме сотко чейинки өндүрүш учурундагы коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталды. Талкууга Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары Эркин Андашев жана тергөө курамы катышты.


Сот төрайымы тергөө учурунда мыйзамдын талаптарын так сактоо коррупциялык механизмдерди жоюунун негизи болуп саналарын баса белгиледи.


Ушундай эле форматтагы тегерек стол Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Самат Шералиев тарабынан жергиликтүү РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Катышуучулар «адамдык фактордун» таасирин азайтуу боюнча практикалык чараларга токтолушту.


«Сот адилеттигинин ачыктыгын жана калыстыгын камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми коррупция менен күрөшүү — биздин жалпы милдетибиз», — деп белгиледи Самат Шералиев.


Эки райондо өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча биргелешкен ишти өркүндөтүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Катышуучулар мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл деген бирдиктүү пикирге келишти.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...