KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Таш-Көмүр шаардык сотунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара өткөрүлдү

03 декабря 2025

Таш-Көмүр шаардык сотунда «Манас угуунун декадасы» өткөрүлдү. Аталган иш-чарага шаардык сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери, Б.Осмонов атындагы Таш-Көмүр институтунун филология жана педагогика илимдеринин кандидаты Жаракул Эшиев, Б.Осмонов атындагы Таш-Көмүр институтунун мамлекеттик тил социалдык жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары филология илиминин кандидаты Гүлнуркан Курманалиева, Б.Осмонов атындагы Таш-Көмүр институтунун мугалими Бегалы Ооганбеков жана институттун студенттери катышышты.


Иш-чараны шаардык сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков ачып, катышуучуларды уңгужолдун максаты менен тааныштырып, окуу жайынан келген конокторду тааныштырып, аларга сөз берди.


Жаракул Эшиев “Манас” эпосунун баалуулугу жөнүндө лекцияны окуп, анда “Манас” эпосундагы адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты, чынчылдыкты камтыган учурларын баса белгилеп, Манас-байыркы кыргыз рухунун туу чокусу, кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы, укумдан-тукумга өтүп келе жаткан улуу мурасы, улуттук сыймыгы экендигин терең түшүндүрүп өттү.


Гүлнуркан Курманалиева өз сөзүндө, “Манас” эпосу кыргыз элинин баа жеткиз байлыгы, улуу мурасы экендигин ар бир жарандын жүрөгүнө жеткирип, алардын жүрөгүндөгү патриоттук сезимдерин ойготуп, улуттук мурастарды сактоо жана урматтоого үндөп келерин белгилеп өттү.


Өз кезегинде, Б.Осмонов атындагы Таш-Көмүр институтунун студенттери хор түрүндө “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып өтүштү. Ал эми Бегалы Ооганбеков Манас айтууну улантты.


Иш чаранын соңунда, Арстанбек Аскарбеков иш-чараны жыйынтыктап, келген конокторго Таш-Көмүр шаардык сотунун жалпы кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...