Бүгүн, 2025-жылдын 7-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында Жогорку Соттун Пленуму болуп өттү.
Пленумга Жогорку Соттун судьялары, Аппараттын кызматкерлери, жергиликтүү соттордун судьялары (онлайн) катышышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
Пленумда эки маселе каралды. Бул «Баңгизат каражаттарын, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба жөнүндө» жана «Эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча жарандык иштерди сот тарабынан кароо практикасы жөнүндө».
Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Тыныбек Бекешов баяндама жасады.
Анын айтымында, сунушталып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомунун долбоору баңгизаттардын жана психотроптук каражаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланышкан иштер боюнча бирдей соттук практиканы калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ.
“Бул маселе азыркы учурда да абдан курч бойдон калууда. Баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жарандардын саламаттыгына гана эмес, коомдук туруктуулукка да олуттуу коркунуч жаратат жана андан улам келип чыккан башка кылмыш түрлөрүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.
2001-жылдагы токтом таптакыр башка социалдык-укуктук шарттарда кабыл алынган. Ал 1997-жылкы Жазык кодексинин жоболоруна негизделген. Ошол мезгилде баңгизат каражаттарына көзөмөл жүргүзүүчү адистештирилген органдар болгон эмес, ошондой эле санариптик мүмкүнчүлүктөр бүгүнкүдөй өнүккөн эмес: интернет-платформалар, санариптик сатуунун каналдары колдонулчу эмес.
Жаңы даярдалган Пленум токтомунун долбоору — бул мурдагы практиканы системалуу түрдө кайра кароо болуп эсептелет. Ал 2024-жылы кабыл алынган «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» жаңы Мыйзамдын, эл аралык конвенциялардын жана заманбап технологиялык шарттардын негизинде иштелип чыккан”, — деди Тыныбек Бекешов.
Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы Бекболот Джаналиев кошумча баяндама менен чыкты.
Ал эми «Эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча жарандык иштерди сот тарабынан кароо практикасы жөнүндө» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Аида Сейдакматова баяндама жасады.
Анын айтымында, жергиликтүү соттор тарабынан аталган категориядагы жарандык иштерди кароодо мыйзамдын бирдиктүү колдонулушу, соттук практика жана тажрыйбанын тийиштүү мыйзам ченемдеринин талаптарына жооп беришин көзөмөлдөп, эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча айрым мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу максатында жана 23 январь 2025-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодесинин кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленуму тарабынан каралып жаткан токтомдун долбоору иштелип чыккан.
“Кыргыз мамлекетинде ар бир адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн эркин башкаруу, өзүнүн ишинин түрүн жана кесибин тандоо укугун ишке ашырууга көмөктөшүүчү зарыл укуктук шарттарды түзүү мыйзам тарабынан кепилденет. Бул шарттар эч кандай басмырлоосуз жана мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес эмгек акы алуу укугун, ошондой эле коопсуздук жана учурдун талаптарына жооп берген шарттарда иштөө укугун камсыз кылуу дегенди билдирет.
Ошол эле учурда, эмгектик укуктук мамилелерден келип чыккан талаштарды чечүү жарандардын эмгегин урматтоо, эмгек мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарды жана эркиндиктерди коргоо, анын ичинде укуктук ченемдерди бузган адамдар үчүн жоопкерчиликти белгилөө жолу менен ишке ашырылат”, — деп белгиледи Аида Сейдакматова.
Ал эми кошумча баяндама менен жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы Эльмира Барыктабасова жана Чүй облустук сотунун судьясы Айнура Сатарова чыгышты.
Токтом долбоорлору талкууланып, алардын мазмунуна байланыштуу сунуштар айтылып, андан соң редакциялык коллегиялар түзүлдү.
Талкуунун жыйынтыгында токтом долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Жыйынтыгында отурумдун катышуучулары мыйзам нормаларын бирдей колдонуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда негизги мааниге ээ экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, бул багытта Жогорку Сот тарабынан активдүү иштер жүргүзүлүп келет. Устүбүздөгү жылы маанилүү жана актуалдуу маселелер боюнча Пленумдун жети токтому кабыл алынды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Аталган токтомдор соттор үчүн гана эмес, ошондой эле укук колдонуу практикасында бардык мамлекеттик органдар үчүн да маанилүү багыт катары кызмат кылат.

