Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Жогорку соттун Пленуму болуп өттү.
Пленумда Жогорку соттун үч коллегиясынын төрагалары өткөн жылда аткарылган иштер боюнча баяндамалар менен чыгышты.
Жогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Нурлан Мусаевдин берген маалыматына ылайык, 2024-жылы жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары боюнча кассациялык тартипте 1335 адамга карата 1018 кылмыш-жаза иши каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 5% аздык кылат, анткени 2023-жылы 1398 адамга карата 1069 иш болгон. Ал эми 776 кассациялык даттануулардан 267 канааттандырылып, 509 канааттандыруусуз калтырылган.
Ал эми Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Шералы Камчыбеков өзүнүн баяндамасында жарандык тартипте 2024-жылы 1-инстанциядагы сотторго 137 299 доо арыз жана 24 108 соттук материалдар келип түшүп, бардыгы болуп — 161 407 ишти түзүп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 30,18% көп болгонун кошумчалады.
Келип түшкөн бардык иштерден 6,7% (10 791) апелляциялык тартипте жана 2,91% (4697) кассациялык тартипте иштер боюнча даттануулар апелляция жана кассация инстанциядагы соттор тарабынан каралган.
Бул көрсөткүч иш боюнча тараптар чыгарылган актылардын көптүгүнө — 93,3% макулдугун билдирип, аларга даттанбай тургандыгын көрсөтүп турат.
Ал эми өткөн жылы доо арызды бергенде төлөнгөн мамлекеттик алымдын суммасы 231 млн 087 мин 268 сомду түзгөн. Сот тарабынан иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча 109 млн 917 мин 000 сом өндүрүлгөн.
Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Нургуль Бакированын айтымында, 2024-жылы административдик соттор тарабынан жалпысынан 6046 (100%) административдик иш (4711) жана соттук материалдар (1335) каралганын, алардын ичинен 35,3% (2135 иш) апелляциялык тартипте даттанылып, кассациялык тартипте 17,8% (1079 иш) даттанылганын билдирди.
Пленумдун жүрүшүндө Жогорку соттун соттук коллегияларынын 2025-жылга аткарыла турган иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору бир добуштан кабыл алынды.
Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрү, тактап айтканда КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана Сот департаментине караштуу маалыматтык технологиялар боюнча “Адилет сот” мекемесинин 2024-жылы жасаган иштеринин жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтары угулду.
Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку соттун өткөн жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.
Төрага аймактарга жеке өзү барып жеринде көрүп келген көйгөйлөргө токтолуп, жакында эле жыл жыйынтыгын чыгарган жергиликтүү соттордун ишине токтолду.
Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн жылы республика боюнча биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жарандык, жазык, административдик жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча жалпы 178 412 соттук иштер жана 68 518 соттук материалдар каралган.
Каралып бүткөн соттук иштердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 25,61% көбөйгөн (2023-ж. 132 703), ал эми соттук материалдардын саны 3,91% көбөйгөн (2023-ж. 65 835).
Алардын ичинен 7,3% гана апелляциялык инстанциядагы сотторго даттанылган.
Ал эми кассациялык инстанциядагы сотко жалпы соттук иштер жана соттук материалдардын 3% гана даттанылган.
Бул статистикалык маалыматтардын негизинде, жарандардын сотторго болгон ишеними жогорулап, сот системасынын натыйжалуулугу өсүп жатканын айтууга болот.
“Өкүнүчтүүсү, айрым аймактарда жокко чыгарылган соттук чечимдердин көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Бул айрым судьялар материалдык жана процессуалдык укуктун талаптарын толук эске албай жатканын көрсөтөт.
Мындан улам, ишинин көрсөткүчү төмөн болгон судьяларды окутууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Окутуудан жарым жыл өткөндөн кийин, аларды кайрадан статистикалык маалыматтардын негизинде баалоо сунушталат. Эгерде сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты кайрадан төмөн бойдон калса, тиешелүү чаралар көрүлүп, анын ичинде кызмат ордуна шайкештиги боюнча маселе көтөрүлүшү керек, — деди Медербек Сатыев.
Бирдиктүү сот практикасынын жоктугу айрым чечимдердин дал келбей калышына, укуктук аныктамалардын бүдөмүк болушуна жана натыйжада, жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин төмөндөшүнө алып келүүдө.
Бирок, жоопкерчилик менен иш алып барып, тийиштүү шарттарга карабай жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө аракет кылган судьялар да бар экендигин айтты.
Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен, бир нече критерийлерге таянып, эң мыкты облус катары Баткен облустук соту, ал эми эң мыкты райондук сот деп Ат-Башы райондук соту тандалгандын төрага маалымдады.
Ошону менен катар, Нарын облустук сотунун жетекчилигин да өзгөчө белгилеп, алардын кемчиликтерди ыкчам жоюп, кызматтык сапар учурунда берилген тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эң мыкты судьялар боюнча, комиссия 2024-жылдын жыйынтыгы менен эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен үч судьяны аныктаган. Биринчи орунда Ат-Башы райондук сотунун судьясы Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич, экинчи орунду Ош шаардык сотунун судьясы Асанова Чолпон Карыпбековна, ал эми үчүнчү орунду Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Дарманкулов Манасбек Маширапович аныкталды.
Аталган судьялар 2025-жылдын 5-мартында Судьялардын XIII Курултайында салтанаттуу түрдө сыйланышат.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, ал эми видеоконференц байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зарема Конгантиева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Нурбек Каимов, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Джылдыз Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева, Сот департаментине караштуу маалыматтык технологиялар боюнча “Адилет сот” мекемесинин жетекчиси Бек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Айжан Кадырова катышышты.