Бүгүн, 2025-жылдын 21-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга ошондой эле министрдин орун басары Омор уулу Айбек, министрдин кеңешчиси Сыргак Мураталиев, «Түндүк» ачык акционердик коомунун директору Адилет Жумаева, Жогорку соттун судьясы, Кыргыз Республикасынын сот системасын санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Джылдыз Рыскулова, аталган департаменттин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев жана Жогорку соттун Аппаратындагы маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соттор үчүн жаңы санариптик чечимдерди иштеп чыгуу гана эмес, алардын күнүмдүк пайдаланылышы, техникалык коштоо жана башкаруу да абдан маанилүү экенин баса белгилешти. Бул өз кезегинде сот отурумдарынын үзгүлтүксүз өтүшүнө, судьялар менен аппараттардын натыйжалуу иштөөсүнө жана жарандардын соттук маалыматка өз убагында жетүүсүнө түздөн-түз таасир этет.
Тараптар активдүү санариптештирүү шартында соттук инфраструктуранын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жогорку сот мамлекеттик саясаттын алкагында санариптик трансформацияны жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирип, борборлоштурулган санариптештирүү багытында илгерилөө менен катар соттордун туруктуу ишин камсыздоого мүмкүндүк берген тең салмактуу мамиленин зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов сот системасы менен тыгыз кызматташууга даярдыгын тастыктап, биргелешкен аракеттер сот адилеттигинин муктаждыктарына жана милдеттерине жооп берген туруктуу санариптик чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.