КР Жогорку сотунда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы соттордун даярдалган жана кабыл алынган статистикалык отчеттуулугунун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлери менен семинар-кеңешме өткөрүлдү.
Аталган семинар-кеңешмени өткөрүүнүн максаты катышуучуларга соттук статистика тууралуу маселелер боюнча суроолорду берүүгө, ал суроолорго тийиштүү адистерден керектүү консультация алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Семинар-кеңешме онлайн режиминде өттү.
2019-жылдын соңунан бери жергиликтүү соттордон статистикалык отчетту кабыл алуу боюнча милдеттер КР Жогорку сотунун аппаратынын соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылып келет. Бул милдеттер буга чейин КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине тийиштүү болчу.
Семинар-кеңешмеге КР Жогорку сотунун аппаратынын соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо бөлүмүнүн башчысы жана бөлүмдүн улук референттери катышышты.
Ошондой эле, семинар-кеңешмеге катышууга КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана жергиликтүү соттордун аппаратынын статистикалык отчетторду түзүү жана тапшыруу боюнча адистери чакырылган.

