Бүгүн, 2025-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол боюнча иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку жана Конституциялык сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери, ошондой эле республика боюнча бардык жергиликтүү сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери, мындан тышкары, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин кызматкерлери онлайн режиминде катышышты.
Өз сөзүндө Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев уңгужолдун идеялык өзөгүн терең түшүнүп, аны сот системасында практикалык иштер менен айкалыштыруу керек экендигин белгиледи.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу – бул жөн гана ураан эмес, бул биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн багыты, улуттун биримдигин чыңдоонун өзөгү. Кыргыз эли байыртан бери «Эл бар жерде эр бар, эр бар жерде жер бар» деп айтып келген. Демек, улуттун деми – бул элдин күчү, ошол күч дүйнөлүк бийиктикке жол ачат.
Уңгужол – тарых менен бүгүнкү күндүн, улуттук баалуулуктар менен заманбап өнүгүүнүн көпүрөсү. Кыргыз элинин нарк-насили, «Тарыхын билбегендин – тамыры жок» дегендей, уңгусун унутпаган эл гана келечекке ишенимдүү кадам таштай алат.
Сот тутуму үчүн бул уңгужолдун мааниси өзгөчө. Анткени, мыйзамдуулукту сактоо, адилеттүүлүктү орнотуу жана элдин ишенимин актоо – улуттук демдин негизги бөлүгү. Эл «Калыс бийден калың журт качпайт» дейт. Биздин ар бир чечим, ар бир кадам ушул уңгунун бекемделишине кызмат кылууга тийиш.
Ошондуктан бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты – уңгужолдун идеялык өзөгүн терең түшүнүп, аны сот системасында практикалык иштер менен айкалыштыруу болуп саналат. Бул жолдо ар бирибиздин салымыбыз зарыл. «Биримдик бар жерде, ырыс бар» дегендей, биримдик менен аракет кылсак уңгужолдун маңызын толук ачып, ийгиликтерге жете алабыз.
Мындан тышкары урматтуу кесиптештер, сот тутумунда улуттук демдин орду өзгөчө. Ар бир чыгарылган чечим — бул жөн гана юридикалык акт эмес, бул Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылган мамлекеттик маанидеги чечим. Демек, «Ар бир кабыл алынган сот актысы — мамлекетибиздин мыйзам үстөмдүгүн, улуттук бийиктигин жана эл аралык абройун тастыктаган маанилүү укуктук документ болуп саналат.
Судьялар кийген мантиянын өзүндө да, улуттук уңгуларды символдогон кыргыз оймолору түшүрүлгөнү бекеринен эмес. Бул — биздин сот системасы улуттук нарк менен укуктук маданияттын айкалышынан куралганын, ар бир судья өзүнүн жоопкерчилигин жана милдеттерин терең түшүнүүсү керектигин эске салат.
Мындан тышкары, соттук отурумдардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде — кыргыз тилинде өтүп жаткандыгы өзгөчө маанилүү. Бул — мыйзамдуулукту камсыздоо менен катар, улуттук тилдин, улуттук ой жүгүртүүнүн, кыргыз рухунун сот ишмердигинде үстөмдүк кылып жаткандыгынын далили.
Демек, уңгужолду ишке ашыруу деген — бул идеологияны сөз жүзүндө гана эмес, күнүмдүк ишибизде, соттук практикаларыбызда, чечимдерибизде жана жүрүм-турум маданиятыбызда чагылдыруу дегенди түшүндүрөт”, — деп белгиледи Төрага.
Андан соң, сөз алган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолдун негизги таянымдары болгон адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү – сот бийлигинин ишмердигинде эң биринчи орунда турушу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекеттик атчы сот тутуму өз учурунда уңгужол боюнча иш чараны өткөрүп жаткандыгын белгилеп, Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыевге ыраазычылык билдирди.
“Учурда кыргыз элинин алдында өлкө тагдырын адилеттикке, чындыкка жана мыйзам үстөмдүгүнө буруунун тарыхый ооматы келип турат. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, жарандардын тынч жашоосу жана келечек муундардын мамлекетке ишеними Сиздердин акыйкат чечимдериңиздерге көз каранды.
Сот тармагында иш алып барган ар бир кызматкер – элдин үмүтүн, мамлекеттин тагдырын көтөргөн ишенимдин ээси. Ошондуктан келечек муун Сиздерден үлгү алып, адилеттиктин бийик баалуулугун сезиши үчүн сот тармагында чындыкка кызмат кылган, эрки күчтүү, намысы бийик кызматкерлерден болууга тийиш”, — деп билдирди Марат Иманкулов.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, жумушчу топтун мүчөсү Меергүл Бобукеева Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин атынан кайрылуу жасады.
“Уңгужол мамлекеттин салттуу баалуулуктарынын жана өлкө үчүн, анын ичинде сот адилеттиги чөйрөсүндө алгылыктуу эң мыкты дүйнөлүк стандарттардын синтезин болжолдош керек деген ойдобуз. Бул идеяны сот системасын өркүндөтүү контекстинде ишке ашыруу үчүн теориялык жактан аңдап-түшүнүүнү, ошондой эле практикалык кадамдарды талап кылат.
Доктринанын идеялары, укуктун үстөмдүгү, теңдик, ата-бабалардын каада-салттарына жана Айкөл Манастын осуяттарына берилгендик, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо сыяктуу принциптерди бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласынын негизги идеяларын ишке ашырат деп айтууга болот”, — деп кошумчалады Меергүл Бобукеева
Андан соң, Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө идеологиялык багытты ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку Соттун судьясы Нурманбет Эшалиев Президенттин Жарлыгынын негизинде Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдады. Анын курамында Жогорку Соттун, Конституциялык соттун, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары, Сот департаменти менен Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү кирген.
“Жумушчу топ тарабынан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында алдыдагы үч жылга эсептелген сот тутумунун Иш планы даярдалды.
Анын алкагында, соттук ишмердүүлүктө мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү, улуттук мурастарды – айрыкча “Манас” эпосун жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын адилеттүүлүктүн символу катары даңазалоо каралууда.
Ошондой эле коом менен соттун ортосундагы ачык-айкын мамилени күчөтүү, санариптештирүү иштерин илгерилетүү, укуктук сабаттуулукту арттыруу, жаштар менен байланышты өнүктүрүү жана ынтымакты чыңдоочу медиация институтун өркүндөтүү негизги багыттардын катарына кирет.
Жалпысынан алганда, уңгужол сот тутумунун ачык-айкындыгын жогорулатып, элге жакын болуусун камсыз кылууга, мамлекеттик тилдин ролун күчөтүүгө жана улуттук баалуулуктар менен дүйнөлүк стандарттарды айкалыштыруу аркылуу сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталган”, — деп белгиледи Нурманбет Эшалиев.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу туурасында кеңири баяндама жасады.
Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, айрыкча мамлекеттик тил багытына токтолуп, мамлекеттик тил мамлекеттүүлүктүн белгиси экендигин айтты.
“ Кыргыз тилинин түрк тилдеринин ичинен айырмаланган өзгөчөлүгү мамлекет курган элдин тили, бир эмес төртүнчү доордун мамлекеттүүлүгүн сүргөн элдин тили, жазуу жараткан тил, азыр тил жаратуучу тил”, — деп белгиледи Мелис Мураталиев.
Кыргыз тилинин улуттук биримдикти бекемдөөдө жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке чыгууда ээлеген ордуна өзгөчө көңүл бурду.
Кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү ар бир жаран үчүн ыйык парз экендиги белгиленип, мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук кандуу пайдаланууга шарт түзүү зарылдыгы дагы бир ирет эске салынды.
Иш чаранын соңунда Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев Марат Иманкулов менен Мелис Мураталиевге атайын келип терең мазмундуу баяндама жасап, уңгужолдун маңызын кеңири ачып бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы китептерин тапшырды.
Төрага иш чараны жабып жатып, сот тутуму дайыма мыйзамдын жана адилеттиктин ордосу катары, мамлекетибиздин башкы идеологиялык багытын колдоп, аны өз ишинде чагылдырууга даяр экенин баса белгиледи. Анткени, уңгужолду биргеликте ишке ашыруу менен мекенибиздин улуттук баалуулуктарын сактап, келечек муундарга мурас катары калтырууга салым кошобуз.