KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто жарандар арасында жүргүзүлгөн көзкарандысыз сурамжылоонун жыйынтыктары угулду

27 августа 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевге республикадагы соттордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандардын пикирлери жана сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыктары боюнча маалымат берилди.


Жыйынтыктар угулгандан кийин соттордун ишиндеги белгиленген кемчиликтерди жоюу үчүн кайтарым байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар айтылды.


Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев жарандардан QR-код аркылуу түшүп жаткан пикирлерге ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтарууга арналган жергиликтүү соттордун төрагалары менен кеңейтилген онлайн-кеңешме өткөрүүнү тапшырды.


Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында республика боюнча 72 сотко QR-коду бар маалымат такталары орнотулган. Медербек Сатыевдин бул демилгеси сотторго кайрылган жарандардын шарттарын жакшыртуу максатында алардын пикирлерин түздөн-түз алуу мүмкүнчүлүгүн жаратты.


Ошондой эле QR-код аркылуу жарандарга сот органдарынын иши, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү, судьялардын кесипкөйлүгү, сот аппаратынын кызматкерлеринин мамилеси жана сот имаратынын шарттары тууралуу анонимдүү пикир калтырууга мүмкүнчүлүк берилген. Пикир алмашуунун бул механизми соттордун ишинин сапатын жогорулатууга жана сот органдарынын ачыктыгын камсыздоого багытталган.



Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...