KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү

16 июня 2025


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.





Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин жумушчу тобунун өкүлдөрү, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, Сот департаментинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык улук сот аткаруучулар, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун бөлүм башчылары катышышты.


Тегерек стол КР Президенти тарабынан бекитилген 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы Стратегияны жана 2025-2027-жылдарга аны аткаруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы үгүттөө, жана алдын алуу маселелери боюнча пикир алмашуу, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды келтиришти.


Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин эксперт-консультанты Радик Шабданов катышуучуларга кайрылып, сунуштарын айтып, коррупция менен күрөшүүдөгү көйгөйлөр менен бөлүшүүнү өтүндү. Ал өз клегинде бардык пикирлерди угуп, Кыргыз Республикасынын Президентине отчет даярдаганда айтылган сунуштарды кошобуз деп ишендирди.




 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчысы Эдилбек кызы Ахтита


 


Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...