Бүгүн, 2022-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна «Балдар бизге Аманат!» кайрымдуулук акциясынын уюштуруучуларынын демилгелүү тобунан ыраазычылык каты келип түштү.
Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатында тарбияланып жаткандарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирүү менен, Жогорку сот тарабынан берилген каражатка окуу китептери сатылып алынганы айтылды.
Буга чейин жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына жогорку сот органы тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүлгөндүгүн белгилейбиз.
2022-жылдын 3-сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чүйдөгү мектеп-интернатында тарбияланган жетим балдар үчүн “Балдар – биздин аманат!” аттуу салтанаттуу иш чара болуп өткөн.
Иш чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал өз сөзүндө уюштуруучуларга, тактап айтканда Жылдыз Муслимовага ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер мамлекет тарабынан колдоого алынып, жайылтуу керектигин айткан.