KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Пленум болду

03 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында Жогорку Соттун Пленуму болуп өттү.


Пленумга Жогорку Соттун судьялары, Аппараттын кызматкерлери, жергиликтүү соттордун судьялары (видеоконференц-байланыш аркылуу) катышышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү,  Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адвокатура кеңеши, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү  катышышты.


Пленумдун жүрүшүндө Жогорку Сотунун судьясы Дамирбек Назаров “Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин соттор тарабынан кароонун өзгөчөлүктөрү” деген  темада  баяндама жасады.


Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кабыл алынган Жогорку Соттун Пленумунун алгачкы токтому болуп саналат.


Бул токтомдун кабыл алынышы — экологиялык коопсуздук маселелеринин актуалдуулугун, ошондой эле жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча бирдиктүү укуктук мамилелердин зарылдыгын дагы бир жолу көрсөтүп турат”, — деп Дамирбек Назаров белгиледи.


Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан (жаңыдан) ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды кароонун тартиби боюнча  Жогорку Соттун судьясы Чинара Садырова баяндама кылды.


Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды (сунуштарды) кароонун тартибин жөнгө салган өз алдынча Пленумдун токтому буга чейин жок эле.


Бирок аталган арыздарды кароодо жергиликтүү соттордо айрым бир суроолор пайда болуп жана процессуалдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, соттор тарабынан укук ченемдерди бирдиктүү, туура колдонууну камсыз кылуу максатында аталган токтом актуалдуу”, — деп катышычуучулардын көңүлүн бурду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Абылай Мухамеджанов «Көп батирлүү турак жай курулушуна үлүштүк катышуу чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практика жөнүндө»  деген аталыштагы  баяндама менен чыкты.


«Өлкөдө турак жай курулушунун бир түрү катары үлүштүк курулуш ыкмасы кеңири жайыла баштады. Бирок, көп батирлүү турак жайларды курууда жарандардын жана/же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу менен байланышкан үлүштүк катышуу мамилелери мыйзам деңгээлинде толук жөнгө салынган эмес. Турак жай курулушуна үлүштүк катышууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана келишимдин тараптарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кепилдиктерди белгилөөчү мыйзамдык ченемдик акт жок.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы №614 токтому менен «Жарандардын же юридикалык жактардын акча каражаттарын көп батирлүү турак жай жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин курууга тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо» бекитилген. Бирок, турак жай курулушуна үлүштүк катышууга байланышкан бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү мыйзам толук жөнгө салбагандыктан, айрым учурларда талаш-тартыштар келип чыгып, булар соттук иштерге алып келүүдө.


Мыйзамдагы ушул боштук жогорудагы категориядагы жарандык иштерди кароодо ар түрдүү соттук практиканын калыптанышына таасир эте баштады.


Бирдиктүү соттук практиканы иштеп чыгуу максатында Жогорку Сот тарабынан Пленумдун токтомунун долбоорун даярдоо чечими кабыл алынды», – деди Абылай Мухамеджанов.


Ал эми балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба боюнча Жогорку Сотунун судьясы Кумушбек Жоомартов  баяндама жасады.


Учурдун талабына ылайык даярдалып, балдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча кылмыш иштерди кароодо бирдиктүү жана сапаттуу соттук тажрыйбаны түзүүгѳ шарт түзүп, практикалык жактан маанилүү.


Жалпы мүнѳздѳгѳндѳ ушул токтом белгиленген категориядагы кылмыш иштерди кароодо пайда болгон процессуалдык жана материалдык суроолорду чечүүгѳ багытталган. Анда сотко чейинки териштрүүдѳ, анын ичинде бѳгѳт коюу чарасын тандоодо, башка процессуалдык атакеттерди жүргүзүүдѳ, процессуалдык документтерди түзүү жана ишке тиркѳѳдѳ тийиштүү талаптарды сактоо сунушталган. Ошондой эле соттук териштирүүдѳ процессуалдык талаптарды сактоо менен адилет чечим чыгарууга жана атайын эрежелерди эске алуу менен жаза дайындоо талаптары коюлган.


Негизги докладда белгиленгендей бул токтом кабыл алуунун бирден бир негизи болуп азыркы учурда күчүндѳгү жана иштеги кодекстердин кабыл алынышы да түрткү болду.


Андан тышкары, бүгүнкү күндѳгү балдар тарабынан жасалган кылмыштардын абалы, аларга профилактикалык  мүнѳздѳгү тарбиялык таасир этүүчү чараларды колдонуу максатында кылмыш иштерди толук жана объективдүү жүргүзүү сунушталат”, — деп сөзүн маанилүү жагдайга басым жасады Кумушбек Жоомартов.


Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары Жамиля Сабитова, Жыргал Мурзалиева, Айнура Ахметова, Асель Чекирова, Гульзат Усакпаева менен Нурлан Эсенбаев кошумча баяндамалар менен  чыгышты.


Токтом долбоорлору талкууланып, алардын мазмунуна байланыштуу сунуштар айтылып, андан соң редакциялык коллегиялар түзүлдү.


Талкуунун жыйынтыгында токтом долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.


Жыйынтыгында отурумдун катышуучулары мыйзам нормаларын бирдей колдонуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда негизги мааниге ээ экенин белгилешти.


 



Видео-блок

Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз
Форум судей: Конституция гарантирует право на благоприятную окружающую среду
Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара болуп өттү
Медербек Сатыев: Мамлекеттик тил — улуттук биримдиктин негизи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...