KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот «Манас» эпосу боюнча угуу декадасынын жана сот тутуму кызматкерлеринин балдары арасында өткөн сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарды

04 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту «Манас» эпосунун күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында эпосту угуу декадасынын жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасына ылайык уюштурулган сот тутумунун кызматкерлеринин балдары арасында өткөрүлгөн сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарды.


Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ сот тутуму кызматкерлеринин 14 жашка чейинки балдары арасында өткөрүлгөн «Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу балдар арасындагы сүрөт сынагына сунушталган иштерди карап чыгууну аяктады. Сынак 2025-жылдын 17-ноябрынан 1-декабрына чейин өткөрүлдү.



Сынактын жобосуна ылайык, ар бир облустан жана тийиштүү ведомстволук түзүмдөрдөн бирден мыкты сүрөт сунушталган. Жалпы жолунан сынак комиссиясына 12 чыгарма келип түштү.


Сынактын максаты — балдардын «Манас» эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу болду.




Аталган комиссиясынын курамына: Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Сапарбай Осмоналиев, Жогорку соттун судьясы Нурманбет Эшалиев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Бобукеева кирди. Комиссиянын мүчөлөрү ар бир ишти кылдат изилдеп, оригиналдуулугуна, чыгармачыл ыкмасына жана теманын мазмундуу ачылышына өзгөчө көңүл бурушту.




Баалоонун жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды:

I орун — Диана Кубанычбекова, атасы — Алдашов Бактыяр Кубанычбекович (Сот департаменти);

II орун — Элима Каныбекова, атасы — Масалбеков Каныбек Толубаевич (Конституциялык сот);

III орун — Арууна Азаматова, апасы — Акматбекова Жылдыз Аблабековна (Сот адилеттигинин Жогорку мектеби).




Комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында Жогорку соттун судьясы Нурманбет Эшалиев Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Сапарбай Осмоналиевге Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин атынан ыраазычылык катын тапшырды.




Ошол эле учурда «Манас» эпосун угуу декадасы да жыйынтыкталды. Анын максаты — элдик оозеки чыгармаларды даңазалоо жана улуттук баалуулуктарды бекемдөө болду.

Өлкөнүн бардык аймактарындагы соттордо «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпосторунун адилеттүүлүк, эрдик жана сот адилеттиги темаларына арналган үзүндүлөрүн угуу жана талкуулоо иш-чаралары уюштурулду. Иш-чараларга белгилүү манасчылар, аппарат кызматкерлери катышышып, мисалы кээ бир соттор эпостун айрым эпизоддорун театралдаштырылган түрдө даярдап көрсөтүштү.





Видео-блок

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады
Талас облусу | Калыс сот – элдин тиреги
"Ар бир добуш - өлкөнүн эртеңине кошулган салым". М.Сатыев №1046 шайлоо участогунан доб...
Н.Бакирова КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары ме...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...