KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто Кытай Эл Республикасынын Фуцзянь провинциясынын прокуратурасынын делегациясы болушту

03 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нургуль Бакирова менен Нурлан Мусаев Кытай Эл Республикасынын Фуцзянь провинциясынын прокуратурасынын делегациясын кабыл алышты.


Делегация кечээ күнү келишкен. Ал эми эртең Кыргыз Республикасындагы иш-сапарын жыйынтыкталышы күтүлүүдө. Иш сапардын негизги максаты эл аралык укуктук кызматташууну өнүктүрүү жана сот-прокуратура тармагындагы тажрыйба алмашууну кеңейтүү болуп саналат. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын укук коргоо жана сот органдарынын кызматташуусун бекемдөө, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо өзгөчө мааниге ээ.


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова меймандарды өлкөнүн сот тутумунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.


«Өлкөнүн сот системасы Жогорку соттун жетекчилиги алдында адилеттүүлүктү өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда. Анын фундаменталдык негиздерин түп-тамырынан бери модернизациялоо жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоочу натыйжалуу механизмге айлантууга мүмкүнчүлүк берди», — деди Нургуль Бакирова.


Өз сөзүндө Нурлан Мусаев эки коңшу өлкөнүн лидерлери буга чейин Сиань шаарында кытай-кыргыз мамилелерин жаңы доордун ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү боюнча биргелешкен билдирүү жасаганын баса белгиледи.


«Бүгүнкү күндө соттук чөйрөдөгү кызматташтык биздин мамлекеттердин эки тараптуу мамилелеринин маанилүү жана ажырагыс бөлүгүнө айлангандыгын ишенимдүү айтсак болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун ортосунда кесиптик гана эмес, жылуу достук мамилелер да калыптанды. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык да активдүү өнүгүп келе жатат», — деди Нурлан Мусаев.


Өз кезегинде кытай тарап жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы эң жогорку сот органында болуу алар үчүн чоң сыймык экендигин айтышты. Ошондой эле кытай тарап эки өлкөнүн сот-прокуратура органдарынын бир катар окшош учурлар бар экендигин суктануу менен белгилешти.


 


https://www.youtube.com/watch?v=3gbB1phuaaE


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...