Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Жогорку сотто соттордун ишине заманбап технологияларды киргизүүгө арналган брифинг өттү.
Иш-чаранын негизги максаты калк үчүн сот адилеттигинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган санариптик трансформациянын практикалык натыйжаларын көрсөтүү болду.
Талкууга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова жана жумушчу топтун мүчөлөрү — жергиликтүү соттордун судьялары, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев катышты.
Жолугушууну ачып жатып, Нурлан Мусаев технологиялык өзгөрүүлөр үчүн мыйзамдык негизди калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Кыргызстанда сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул иштин максаты заманбап, технологиялык жактан жабдылган жана коррупциялык тобокелдиктерге туруктуу сот адилеттиги тутумун түзүү. Албетте, аталган иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү техникалык, программалык жана кадрдык камсыздоодон тышкары, бекем укуктук базаны түзүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу 2025-жылы бир катар колдонуудагы процессуалдык кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген. Бул түзөтүүлөр укуктук талаада санариптик түшүнүктөрдү гана бекитпестен, тараптарга соттук териштирүүлөргө видео-конференц- байланыш режиминде катышуу укугун берди. Мындан тышкары, сот отурумдарын телекөрсөтүү, радио жана интернет тармагы (онлайн-трансляция) аркылуу түз эфирде көрсөтүү мүмкүнчүлүгү мыйзам жүзүндө бекитилди. Ошондой эле сот процесстеринин жүрүшүндө аудио жана видеофиксация каражаттарын милдеттүү түрдө колдонуу жөнүндө ченем белгиленди”, — деди ал.
https://www.kabar.kg/news/zhogorku-sotto-sottordu-sanariptik-transformaciyaloonun-natyjzhalary-krstld/

