KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди: юридикалык жактарды мажбурлап жоюу тартиби жеңилдетилди

18 августа 2025


Мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жол-жобосу жакшыртылган. Өзгөртүүлөр КР Граждандык кодексинин 96-беренесине, ошондой эле КР Жарандык процесстик кодексинин 246-беренесине тиешелүү.





Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 3 — пунктунун 96-беренесинин жаңы редакциясына ылайык, “Юридикалык жакты жоюу” белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө сот актысы каттоочу орган тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.


Өзгөртүүлөргө ылайык юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана уюштуруучулардын (катышуучулардын) бири каза болгон учурда же жок болгон учурда юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) бири юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.


Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин   246-беренесине (Соттун буйругу берилүүчү талаптар)  өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, соттун буйругу салык органынын, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюштуруучунун юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө билдирген талаптары боюнча чыгарылат.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчысы Ахтита Эдилбек кызы




Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...