KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тандоо сенин колуңда: судья менен ачык диалог

30 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 30-апрелинде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Марлен Тентимишов өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө судья Марлен Тентимишов мыйзамга каршы аракеттердин укуктук кесепеттери тууралуу айтып берип, кылмыш-жаза мыйзамдарынын нормаларын кеңири түшүндүрдү, ошондой эле укуктук аң-сезимдин маанисин жана күнүмдүк жашоодо мыйзамды сактоонун зарылдыгын баса белгиледи. Айрыкча мушташтарга катышуу, баңгизаттарды таратуу, бейбаштык жана жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар сыяктуу актуалдуу темаларга өзгөчө көңүл бурулду. Мисал катары судья соттук практикадан алынган чыныгы окуяларды келтирди.


Бул иш-чара ачык диалог форматында өтүп, студенттер активдүү суроолорду берип, өз ойлору менен бөлүшүп, квалификациялуу жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамга болгон урмат-сыйды калыптандырууга жана өспүрүмдөр арасында укукка каршы жүрүм-турумду алдын алууга көмөктөшөт.


 


Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Жаасынова Айсулуу


Видео-блок

Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек
Жеке сот аткаруучулар эмнеге киргени жатат?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...