KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Ала-Тоо» Эл аралык университети менен Меморандумга кол койду

18 февраля 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Ала-Тоо» Эл аралык университети» мекемеси менен Меморандумга кол койду.


Меморандумга кол коюу иш-чарасы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов  жана «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Карьера жана практика борборунун жетекчиси Гульмира Усубалиеванын катышуусунда өттү.


Меморандумдун максаты тыгыз байланышта кызматташууга жана маалымат алмашууга натыйжалуу окуу процессин уюштурууга багытталган биргелешкен билим берүү программаларын  ишке ашырууга, ошондой эле, тараптардын илимий потенциалын жана практикалык тажрыйбасын пайдалануу менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.


Меморандумду тапшыруу аземинин жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, угуучулар үчүн практикалык даярдоону уюштуруу, илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү планындарын билдиришти.


Кызматташуу тең укуктуулук, өз ара урматтоо, ишеним, ак ниет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоо принциптеринде жүзөгө ашырылат.


Видео-блок

Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...
УТРК ЧҮЙ: СОТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ
Биринчи жолу. Жогорку сот 10дон ашык алдыңкы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу кел...
УТРК Жалал-Абад: Сот отурумдары онлайн форматта өтөт
Сот адилеттигинин Жогорку мектебине жаңы директор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...