KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Нотариат мектеби» окуу борбору менен Меморандумга кол койду

05 июня 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына караштуу «Нотариат мектеби» окуу борбору менен Меморандумга кол койду.


Кол коюу иш-чарасы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Базаралиева Анархан Мамбетовна жана «Нотариат мектебинин» директору Камил кызы Гузелдин катышуусунда өттү.




Меморандумдун максаты өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана өнүктүрүү, ошондой эле өз ара туруктуу жана натыйжалуу кызматташуунун артында укук жана нотариат багытында адистердин квалификациясын жогорулатууну, аларды кайра даярдоону көздөйт.


Аталган Меморандумдун алкагында тараптар окутуу иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө, укуктук дисциплиналар боюнча, анын ичинде нотариалдык ишмердүүлүк жана сот адилеттиги маселелери боюнча билим берүү программаларын иштеп чыгууга, билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн окутуучулар, адистер жана эксперттер менен тажрыйба алмашууну ишке ашырууга, методикалык, окуу жана илимий материалдарды даярдоого катышууга, ошондой эле кызматташуунун башка формаларын ишке ашырууга макулдашышты.


Тараптардын кызматташтыгы тең укуктуулук, өз ара урматтоо, ишеним, ак ниет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо принциптеринде жүзөгө ашырылат.



Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчысы  Ахтита Эдильбек кызы

Видео-блок

200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...