KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Пробацияны колдонуу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг өткөрдү

30 апреля 2025



2025-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Пробацияны колдонуу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг уюштурду.







Иш-чара Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Эл аралык программасынын колдоосу менен өткөрүдү.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Эл аралык программалык менеджери Джордж Абаджян сүйлөштү.


Тренингдин катышуучулары жети облустан келген жергиликтүү сотторунун биринчи инстанцияларынын судьялары, Башкы прокуратуранын жана Пробация департаментинин кызматкерлери.


Биринчи күнү «Пробация түшүнүгү жана түрлөрү», «Пробацияны колдонууда жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү» темалары каралды.


Тренигдин экинчи күнүндө «Пробация чөйрөсүндөгү санариптештирүү», «Электрондук көзөмөлдү жана мобилдик контролду колдонуу менен пробациянын кардарларына көзөмөлдү ишке ашыруу» жана «Сот органдарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти менен өз ара аракеттенүү маселелери» талкууланды.


Тренерлер:


—    Астаркулов Данияр Шаршенбекович, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы;


—     Емилбекова Айсулуу Омуровна, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;


— Элмирбек уулу Асэк, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин бухгалтердик эсеп жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси болушту.


Тренингдин максаты — судьяларда пробациянын укуктук табиятын, анын максаттарын жана милдеттерин туруктуу түшүнүүнү калыптандыруу, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү дайындоо жана коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазаларды белгилөө боюнча чечимдерди кабыл алууда укук колдонуу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу, колдонуудагы ченемдик укуктук актылар, көзөмөлдүн жол-жоболору жана практикалык аспектилери менен таанышуу, ошондой эле соттун чечимдерин аткарууда сот органдары менен пробация органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу.


 




Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...